Главная > Университет > КТМУнун кызматкерлери пенсия жөнүндө маалымат алышты

КТМУнун кызматкерлери пенсия жөнүндө маалымат алышты


7 февраля, 11:15. Разместил: bn

2017-жылдын 2-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу Окутуу борборунун адистери КТМУнун кызматкерлери үчүн «Пенсиялык сабаттуулук» деген аталышта семинар өттү.
Семинардын жүрүшүндө КРнын Социалдык фондуна караштуу Окутуу борборунун мүдүрүнүн орун басары Акматали Якубов өлкөнүн Социалдык фондунун түзүмү жана ишмердүүлүгү, Кыргыз Республикасында пенсиялык системанын компоненттери, пенсиялык реформанын алгачкы жана кийинки этаптары жана пенсиялык курак тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Ал: «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ушул таптагы пенсионерлерге кам көрүү менен катар келечекте пенсия алуучу муун азыртан даярдык көрүүсүнө аракет кылып келет. Себеби убакыт тез өтөт, азыркы күч-кубатка толуп турган муунга да пенсияга чыгуу учуру келет. Андыктан келечектеги пенсияңдын өлчөмү бүгүнкү камсыздандыруу төгүмдөрүңдөн көз каранды экенин адамдар түшүнүшү керек», - дейт. Мындан сырткары, университеттин кызматкерлери  Соцфондго которулуп жаткан акча каражатынын канчасы профсоюзга, канчасы пенсияга багытталары жана башка пенсияга байланышкан маселелердин тегерегинде кеңири маалымат алышты.


Вернуться назад