Главная > Блоги > Жалпы республикалык тестирлөө 19-майда башталат

Жалпы республикалык тестирлөө 19-майда башталат


12 мая, 15:13. Разместил: aynagul

Мектеп окуучуларынын билимин аныктаган жалпы республикалык тестирлөө 19-майда башталат.Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлдөрү Чынара Батракеева жана Мээрим Кадырова Бүгүнкү "Ракурс" уктуруусунда конокто болушту. "Быйылкы окуу жылында республикалык балл 110дон кем болбошу керек. Ал эми калган сабактардан 60 балл алуу шарт. Быйылкы жылы жалпы республикалык тестирлөөдө өзбек тили алынып салынды",-дейт Ч.Батракеева. Кыргызтан боюнча мектеп окуучуларын жалпы республикалык тестирлөө 19-майдан 23-майга чейин жүргүзүлөт.


Вернуться назад