Главная > Культура > Кыргыз киносуна саякат: “Ак кеме”

Кыргыз киносуна саякат: “Ак кеме”


25 января, 13:51. Разместил: sharizat

Ар шаршемби жана жума күндөрү, саат 16:00 17:00 арасы “Кыргыз киносуна саякат”- берүүсүн угуңуз. Бүгүнкү программада “Ак кеме” тасмасы тууралуу баяндап беребиз.

Союз маалында тартылган кыргыз кино кереметинде атактуу "Ак кеме" тасмасынын өзүнчө орду бар. Аталган фильмге Болот Шамшиев режиссерлук кылып чеберчилигин көрсөтүп, жыйынтыгында мыкты фильм пайда болгон.

 

Тартуучу топ:

Койгон режиссёр- Болотбек Шамшиев

Сценарий- Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев

Койгон оператор- Манасбек Мусаев

Композитор - Альфред Шнитке

Художник - Владимир Донсков

 

Тартылган актерлор:

Бала – Нургазы Сыдыгалиев

Момун – Асанкул Куттубаев

Керез – Сабира Күмүшалиева

Орозкул – Орозбек Кутманалиев

Кулубек – Чоробек Думанаев

Гүлжамал – Айтурган Темирова

Бекей – Назира Мамбетова

Сейдакмат – М.Рыскулбеков

 

Тасманын дареги:

“Ак кеме ” тасмасынын сюжети кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун повестинен алынган.

Тасманы тартуу иштери болсо, 1974-75-жылдары Ысык-Көлдүн Чоң-Жаргылчак капчыгайындагы токой коругунда жана Саруу айылында болгон. Тасма жаратуучулардын айтуусу боюнча “Ак кеме” тасмасын тартуу иштери токтоп калып кийин, “Сүйүү жаңырыгы” тасмасы тартылгандан соң төрт айда тартылып бүткөн.

            Ал эми чоң экранга 1976-жылы 22-ноябрда Москва шаарында чыккан.

 

Сюжетин эске салабыз:

            Тасмадагы окуя Ысык-Көлдө тоо арасындагы токой чарбасында өтөт. Өзү курлуу теңтуштары жок, атасын өмүр бою сагынган жети жашар бала чоңдордун арасында өсүп, өзү менен өзү ойноого аргасыз. Таятасы Момун айтып берген уламыштардан жаратып алган кыял дүйнөсүндө жашап келет.

            Окуя бийик тоолор арасында токой ичинде жашаган үч кичинекей үйбүлөнүн тегерегинде болсо да, андагы сүрөттөлгөн эпизоддор дүйнөлүк масштабдагы маселени чагылдырат.

Өмүрүндө бир катуу сөз сүйлөп көрбөгөн Момун чал тажаал кемпири Керез менен түтүн булатып келет. Алардын жанындагы үйдө кызы Бекей күйөөсү Орозкул менен жашайт. Орозкул дүйнөдөгү эң жаман касиеттерди өзүнө жыйнап алгандай сезилет. Мыкаачылык менен бугу атып, мүйүзүн кесип алган Орозкулга табият таарынып, аны балалуу болуу бактысынан ажыратып койгон. Орозкул болсо жинин байкуш жубайы Бекейден чыгарат. Кудайдын куттуу күнү күйөөсүнөн таяк жеген Бекей оор турмушка баш ийгендей. Ага ким болушат? Керез энеси кызына болушмак турсун кайра анын өзүн күнөөлөйт. Орозкулга жагынып жаш келин Гүлжамалды ага токолдукка алып бергиси бар. Татынакай Гүлжамалды болсо тагдыр бул жакка адаштырып алып келгенби, айтор анын шайыр мүнөзү токойдогу оор жашоого коошпойт. Күйөөсү Сейдакматты болсо чөп үстүндө чалкалай жатып ырдагандан башка эч нерсе кызыктырбайт.

Ушундай татаал мамилелерден курулган оор турмушка кичинекей наристе да аралашууга мажбур. Ал бала караңгы түндөгү кичинекей күн нурундай. Өзүнүн куруп алган таза, жарык дүйнөсү бар. Ал дүйнөсүн жалгыз жакын досу, таятасы Момун менен гана бөлүшөт. Албетте, жаш жүрөктү кубанта турган жөнөкөй нерселер бар. Мисалы, 1-сентябрга алынган жаңы портфель. Аны көтөрүп алып сүйүнчүлөп чуркаганы эсиңиздеби?

Жашоодо баланын ыйык туткан эки нерсеси бар: улуу Бугу эне жана Ак кеме. Биринчи жомокту таятасынан уккан. Адам баласын өлүмдөн сактап калган Бугу эненин бала үчүн мааниси чоң. Ошол себептен ал Орозкулду бүт жүрөгү менен жек көрөт. Мыкаачынын бугунун мүйүзүнө балта чаап жатканы баланын көзүнө бешикти кыйратып жаткандай көрүнөт. Ал эми Ак кеме жөнүндөгү экинчи жомокту өзү ойлоп чыгарган. Атасы кеменин капитаны. Ал жакында уулун алыс жакка алып кетүү үчүн сүзүп келет...

 

Кадр аркасы:

            Чыгармадагыдай эле тасмада да балага ат берилген эмес. Анткени, ал конкреттүү кишинин эмес, жалпыланган символикалык образ. Антсе да тасмада актёрго өз аты менен Нургазы деп кайрылган жерлери бар.

 

            Фильмдин оператору Манасбек Мусаев: “Мурда бизде актерлорду киного тартылууга тандоодо кинопробадан өтүшчү. Азыр кастинг деп калбадыбы. Нургазыны режиссердун ассистенттери "Пионерлер үйүнөн" алып келишкен. Нургазы ал жерде бийге катышып жүрчү экен. Абдан зирек, зээндүү, жандуу жана тентек бала эле. Келгенде эле андан "эмне билесиң?" деп сурадык, ал болсо "бийлегенди билем" деп лезгинканы бийлеп кирди. Ошондо эле тартынбастыгын баалап, Болот Шамшиев ошол эле жерден кинопробага алды. Ал учур жаз мезгили эле. Көлдөн соккон толкун шамал болуп, көк шибер чөптү желбиретип турчу. Нургазыга "мына бул жер Ысык-Көл, тээтиги жактан сүзөсүң да Ак кеме салам!" деп кыйкырасың десе, Нургазы кадимкидей сууда сүзүп жүргөн баладай көк чөптүн үстүндө айткандарды толугу менен аткарды. Бул бала тентек экен, киного тартуу учурунда кайсы тоодон же кайсы теректин башынан табабыз деп ойлонуп калган элек. Жок, тескерисинче тентек болгону менен абдан акылдуу бала экен, сьемкага бизден мурун барып, күтүп калчу.”

 

            Сабира Күмүшалиева апабыздын да эсинде  бир кызык окуя калган экен. Бир сюжетти тартууда режиссёр анын ыйлоосун талап кылган. Көзүнөн эч жаш чыгара албай кыйналган актрисаны режиссёр урушуп коёт. Ошондо катуу сөзгө ызаланган Сабира апабыз кетем деп терс басып баратып, ызасына чыдабай ыйлап баштаган экен. Анан бир кезде тык токтоп, артка кайрылып “ыйлап жатам, мени тезирээк тарткыла” деп режиссерду шаштырыптыр.

 

            Тасмадагы санжыраны чагылдырган эпизоддогу Бугу эненин мүйүзүндөгү бешиктеги ымыркай актриса Айтурган Темированын баласы экенин айта кетели. Актриса өзү кичине баласынын киного тартылуусун каалаган эмес. Анда Болот Шамшиев куулук кылып Айтурган Темированы дүкөнгө жиберип ийет да, апасы жокто наристени тасмага тартууга уурдап кеткен экен.

 

Сыйлыктар:

            1976-жыл, Фрунзе шаарында өткөн IX Бүткүл союздук кинофестивалда баш байгеге ээ болгон

1977-жыл,  СССРдин мамлекеттик сыйлыгы(Б.Шамшиев, Ч. Айтматов. М.Мусаев).

            1977-жыл, Тренто шаарында болуп өткөн “Адам жана тоолор” эл аралык кинофестивалынын гран-присин алган. (Италия)


Вернуться назад