Главная > Новости "Медиа Манас" > Алп акын Турар Кожомбердиев тирүү болгондо 75ке чыкмак

Алп акын Турар Кожомбердиев тирүү болгондо 75ке чыкмак


15 декабря, 10:50. Разместил: aynagul

Акындын кызы, иш-чараны уюштуруп жаткандардын бири Нургүл Кожомбердиеванын айтымында азыр өтө кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Иш-чарага акын, жазуучулар жана жакындары катышып, акындын ырлары окулат. Ошондой эле акындын чыгармалары талкууланат. 

Бул иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Улуттук жазуучулар союзу жана Улуттук маданият борбору уюштуруп жатышат. «Алп акындын мааракесин колдоп, бул кечеге катышып, жагымдуу музыка угуп, чер жазып, эс алып кетиңиздер»-дейт акындын кызы Нургүл Кожомбердиева.
Алп акын Турар Кожомбердиевдин 75 жылдыгына арналган иш-чараны өткөрүү боюнча программаны Маданият министрлиги бекитип берген.

Маалымат үчун, акындын 70тен ашуун ырларына обон жазылган. 1970-жылы Турар Кожомбердиевге «Кызыл алма» жана «Таңкы симфония» аттуу ырлар жыйнагы үчүн республиканын Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган. Ал Украина ССРинин жана Пенза обком партиясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.  Акын 1989-жылы дүйнөдөн кайткан.


Вернуться назад