Главная > Университет > Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иш-чара өткөрүлдү

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иш-чара өткөрүлдү


15 декабря, 01:13. Разместил: bn

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттик кеңешине караштуу Ак-ниет студенттик клубу ар жыл сайын салт болуп калган “Бактылуулукту бөлүшөлү” аттуу программа өткөрүп, анын алкагында “Үмүт” балдар үйүнөн келген физикалык жана психологиялык жактан мүмкүнчүлүгү чекьелген 20 баланы университетте коноктошту.
Үстүбүздөгү жылдын 13-декабрында Коммуникация факультетинде өткөрүлгөн иш-чарада балдар үчүн конкурс, бий жана театр оюндары тартууланды. Студенттик кеңеши тарабынан 7-8-декабрда уюштурулган китеп жарманкесинден түшкөн каражат балдарга ар кандай белек-бечкек алууга жумшалды.


Вернуться назад