Главная > Новости "Медиа Манас" > Президент бүгүн өлкөнүн башкы прокурорун кабыл алды

Президент бүгүн өлкөнүн башкы прокурорун кабыл алды


13 декабря, 16:29. Разместил: aynagul

Жолугушууда Мамлекет башчысы жакында болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жана референдумдун жүрүшүндө белгиленген шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Индира Жолдубаева мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө жана андай учурларда өз убагында мыйзам чегинде чара көрүү максатында жер жөнүндө жана шаар куруу мыйзамдарынын  так сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлгөнүн Президентке баяндады.

Президент Алмазбек Атамбаев тартиптүүлүктү жана мыйзамдуулукту бекемдөө боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгиледи жана Башкы прокуратурага кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишти күчөтүүгө, ошондой эле превентивдүү чаралардын натыйжалуугун арттырууга тийиштүү бир катар тапшырмаларды берди.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Вернуться назад