Главная > Университет > Маектешүү жыйынын кезеги Экономика факультетинде

Маектешүү жыйынын кезеги Экономика факультетинде


1 декабря, 15:52. Разместил: bn

Окуу жайдын жетекчилери менен студенттердин ортосундагы маектешүү жыйынын кезектеги жолугушуусу 2016-жылдын 30-ноябрында Экономика жана башкаруу факультетинин студенттери менен өттү.

Жыйын «Көчмөндөр» фильминин көрсөтүлүшү менен башталды.

“Замандын талабына жараша тилдерди үйрөнүп, сапаттуу билим алгыла, өнүгүүнүн жолун издегиле, изилденгиле” деген кайрылуу менен сөзүн баштаган ректор, профессор Себахаттин Балжы достуктун жана тилектештиктин символу болгон Манас университети “Келечек колубузда” деген ураан менен ынтымактуу иш алып бара жатканын баса белгилеп: “Биз билимдүү жана  келечекке ишенимдүү кадам шилтеп, алга умтулган, жана жаратман инсандарды тарбиялап чыгарууга көңүл бурабыз. Андыктан илимий, маданий жана университеттен тышкаркы иштерге да активдүү катышкыла”, - деп студенттерге ийгилик каалады.

Ал эми университеттин окуу иштери боюнча проректору, профессор Анварбек Мокеев Кыргыз-Түрк “Манас” университети татыктуу ийгиликтерге мыкты окутуучулары жана студенттери менен жетишип жатканына басым жасап, келечекте дагы далай ийгиликтерди багынтарын баса белгиледи.

Жолугушуу жыйынында Экономика жана башкаруу факультетинин студенттери өздөрүнүн көкүрөгүндөгү суроолорун университет жетекчилерине берип, алган жоопторуна канааттанып ыраазы болушту.


Вернуться назад