Главная > Новости "Медиа Манас" > Дохадагы саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк инновациялык саммит

Дохадагы саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк инновациялык саммит


1 декабря, 14:21. Разместил: aynagul

Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсү катышкан инновациялык саммитке Кыргызстандан министр Т.Батыралиев да катышты.

Иш-чаранын алкагында 30-ноябрь күнү саламаттыкты сактоо министри Т. Батыралиев Катардын саламаттыкты сактоо министри Хонан Мохамед Аль Кувари менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.Жолугушууга КР Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Самигуллина жана Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев да катышты.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы мындан аркы кызматташтык туурасында сүйлөшүштү. Тактап айтканда, медицина илими жаатында, саламаттыкты сактоо жана фармацевтика тармагында кызматташуу боюнча мемарандумга кол коюу боюнча макулдашылды.


Вернуться назад