Главная > Новости "Медиа Манас" > Улуттук банк «Келечектин инвестициясы» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча ЖМК арасында сынактын жыйынтыгын чыгарды

Улуттук банк «Келечектин инвестициясы» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча ЖМК арасында сынактын жыйынтыгын чыгарды


1 декабря, 10:50. Разместил: sharizat

Улуттук банктын төрагасы жемиштүү жана конструктивдүү кызматташуусу үчүн журналисттерге ыраазычылыгын билдирүү менен бирге аларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

Сынак калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча компаниянын алкагында 2016-жылдын апрель айынан баштап октябрь айына чейин өткөрүлгөн. Ага республика боюнча 30 ашуун электрондук жана басма ЖМК, телеканалдардын жана радиостанциялардын авторлору катышкан. Сынак комиссиясынын курамына Улуттук банктын негизги түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Башкармасынын өкүлдөрү кирип, алар 11 номинация боюнча жүзгө жакын ишти карап чыгышты. Беш номинация (Мамлекеттик тилде ЖМК басма сөздөрүндө жарыяланган мыкты материал, Региондо жарыяланган ЖМК басма сөздөрүндөгү мыкты материал, Мамлекеттик тилдеги мыкты радиоматериал,Расмий тилдеги мыкты радиоматериал бутактарында мыктылар тандалды.

Манас радиосунун кабарчысы Шаризат Ибраева Улуттук банктын күмүштөн жасалган «Кыз куумай» коллекциялык монетасын утуп алды. Сыйлыкты Шаризат Ибраева, Улуттук Банктын төрагасы Т.Абдыгуловдун өз колунан алды

 

 


Вернуться назад