Главная > Университет > Кесиптик жогорку мектебинин студенттери жардам көрсөтүп келишти

Кесиптик жогорку мектебинин студенттери жардам көрсөтүп келишти


16 ноября, 12:21. Разместил: bn

Окуу жайыбыздын студенттери коомчулукка кайдыгер карабай жардамга муктаж болгондорго ар дайым жардам көрсөтүп келе жатышат.

Университеттин ар кайсы факультетинде билим алып жатышкан студенттер окуу жайдын ар бир имаратына кутучаларды коюшуп, кайрымдуулук концерти, жарманке жана башка иш-чараларды уюштурушат жана андан түшкөн каражатты жардамга муктаж адамдарга жумшап келишет. Бул ирет да Кесиптик жогорку мектебинин студенттери кайрымдуулук иштерин улантып, Бишкек шаарындагы жетим балдар үйүнө, тагыраак айтканда Жал кичирайонунда жайгашкан Кароосуз калган жетим балдар үйүнө жардам көрсөтүшүп келишти.


Вернуться назад