УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ

Ашпозчулар мектебинин бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын координаторлугунда “II эл аралык ашпозчулар жыйыны” өткөрүлдү.



Ашпозчулар мектебинин бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын координаторлугунда 2016-ж. 24-30-апрель аралыгында Болу Менгенде “II эл аралык ашпозчулар жыйыны” өткөрүлдү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети ашпозчулар жыйынына катышкан 42 университет ичинен жалгыз эл аралык билим берүү мекемеси болду.

Лагерге, КТМУ Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин Гастрономия жана ашкана өнөрү бөлүмүнүн башчысы ага окутуучу Сапаргүль Турдубекова аны менен бирге ушул бөлүмдө билим алган Акылай Ашырбекова жана Нурсултан Сыдыков катышты.

Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин директору доц. док. Барыш Эрдем, Түрк ашпозчулугун өнүктүрүү жана Түрк ашканасын эл аралык деӊгээлге жеткирүү үчүн уюштурулган бул ишчара мындан ары да уланаарын жана келээрки жылы бул ишчара КТМУ тарабынан өткөрүлөөрүн жана бул үчүн даярдыктардын башталганын айтты.

Жыйындын өткөрүлүшү Турциядагы университеттердин Ашпозчулук, Гастрономия жана ашкана өнөрлөрү, Ашкана өнөрү жана башкаруусу сыяктуу программаларда билим алып жаткан студенттердин, академиктердин жана баш ашчылары биригип; кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн арттыруусунда, аны менен бирге Түрк ашпозчулук билимине оӊ таасир берээри күтүлүүдө.

Турциянын ар кайсы аймактарында кызмат көрсөткөн бир нече баш ашчы жана 500 кишинин катышуусу менен 10 күнгө созулган жыйында, академиктер жана ашпозчулук билимин алган студенттер ашкана сырлары менен таанышышты. Ашпозчулар жыйынына Турциядан 80 ге жакын баш ашчы катышып, алар өз кесиптерине болгон сүйүүлөрүн жана анын артыкчылыктарын жыйындын катышуучулары менен бөлүшүштү. Ишчара Турциянын болочок баш-ашчылары үчүн абдан пайдалуу болду. Катышуучулар, жыйынга катышуунун натыйжасында улуттук жана заманбап ашканалардын тамактарын үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту.

Абант Иззет Байсал университети Менген Йерлешкесинде өткөрүлгөн жыйында ар түрдүү ишчаралар уюштурулду жана кызыктуу болду. Жыйындын акыркы күнүндө кечки тамак уюштурулуп, анда 42 университеттин катышуучуларына сертификаттар ыйгарылды. Кечки тамакта, баш ашчылардын кепкир жана мискей сыяктуу идиштеринен чыгарылган жагымдуу музыка коноктордун маанайын көтөрдү.

Абант Иззет Байсал университети жайгашкан Болу шаарынын Менген аймагы белгилүү ашчылары менен таанымал. Ашчылар мектебинин бүтүрүүчүлөрүнөн түзүлгөн АSOMDER дин ашчылык кызматы келечек муундарга өткөрүлүп берилүүдө. Бул жылы экинчи жолу уюштурулган Менген Эларалык Ашчылар Жыйыны да муну тастыктоодо.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ «II ЭЛ АРАЛЫК АШПОЗЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА» КАТЫШТЫ

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться