Жаш түркологдордун VII эл аралык симпозиуму өтүп жатат. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жаш түркологдордун VII эл аралык симпозиуму өтүп жатат.

«Манас» университетинде, VII эл аралык симпозиуму өтүп жатат.



21-22-апрель күндөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Түрк кеңешинин Түрк дүйнөсү университеттери асоциациясынын колдоосу менен Жаш түркологдордун VII эл аралык симпозиуму өтүп жатат. Аталган симпозиум түрк дүйнөсүнүн аалымы, улуу ойчул Юсуф Хас Хажиб Баласагунинин 1000 жылдык мааркесине арналды.

Симпозиумдун ачылышында Түркология бөлүмүнүн башчысы, доцент Бурул Сагынбаева аталган симпозиум 2007-жылы ачылып, учурда эл аралык деңгээлге көтөрүлгөндүгү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле илимий симпозиумдун ар бири улуу адамдарга, маселен улуу жазуучу Ч.Айтматовго, Түркиянын улуу лидери Мустафа Кемаль Ататүрк, белгилүү адабиятчы, сынчы С.Жигитов, Академик Б.Орузбаевага жана учурда симпозиумдун VII улуу ойчул Жусуп Балагындын 100 жылдыгына арналып өтүп жаткандыгын баса белгиледи.

Университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы симпозиумунун ачылышы менен куттуктап: “Тарыхыбыз, маданиятыбыз жана тилибиз бир болгондуктан бири-бирибизди эч тоскоолдуктарсыз түшүнөбүз. Улуу тарыхка жана маданиятка ээ болгон Түрк дүйнөсүнүн жаштары келечекке талыкпаган эмгек, илим-билим менен өз салымдарын кошуулары керек. Бүгүнкү күнү баарыбызга маалым болгондой чет өлкөлүк тарыхчылар тарыхыбызды бурмалап, туура эмес маалыматтарды берүүдө. Мындайга жол бербеш үчүн эл аралык деңгээлдеги илимий изилдөөлөрдү жазып чыккан чыгаан түркологдорубуздун болуусу зарыл», - деп, симпозиумдун ишине ийгилик каалады.

Симпозиумдун ардактуу конокторунун бири КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Д.Чонтоев министрликтин атынан куттуктап: “Аталган иш-чараны 2016-жыл “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өтүп жатат деп эсептейбиз. Сапаттуу билим берген жогорку окуу жайларынын сап башында турган Манас университети кыргыз элинин улуу инсандары Манас ата менен Чыңгыз Айтматовдун атын татыктуу алып жүрөт”, -деди.

Андан кийин Түркиянын Юнус Емре атындагы институтунан келген док. Ебубекир Жейлан мырза, аталган институттун атынан салам айтып, Манас университети Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маанилүү мекемелердин бири болуп саналат. Бул окуу жайды бүтүргөн жаштар Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда көпүрө боло алат деп, бүгүнкү күндө Юнус Эмре атындагы институту 72 өлкө менен кызматташып келе жатканын жана жакынкы аралыкта Кыргызстанда аталган институттун борбору да курулат деп билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында аталган симпозиумга 100дөн ашуун билдирүүлөр келип түшкөн жана алардан 52 баяндама кабыл алынган. Учурда Кыргызстандан тышкары, Түркия, Орусия, Азербайжан, ϴзбекстан, Казакстан, Косовадан жаш илимпоздор катышып жатат. Симпозиумдун иши эки күн бою отурумдарга бөлүнүп, тил, адабият, тарых, социология, археология жана башка илимий тематикада баяндамалар окулуп, талкуулар жүрмөкчү.

 

Радио-ТВ мүдүрлүгү,
ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

Жаш түркологдордун VII эл аралык симпозиуму өтүп жатат. Жаш түркологдордун VII эл аралык симпозиуму өтүп жатат. Жаш түркологдордун VII эл аралык симпозиуму өтүп жатат. Жаш түркологдордун VII эл аралык симпозиуму өтүп жатат. Жаш түркологдордун VII эл аралык симпозиуму өтүп жатат. Жаш түркологдордун VII эл аралык симпозиуму өтүп жатат. Жаш түркологдордун VII эл аралык симпозиуму өтүп жатат. Жаш түркологдордун VII эл аралык симпозиуму өтүп жатат. Жаш түркологдордун VII эл аралык симпозиуму өтүп жатат.

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться