Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди

“Манас” университетинде Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө карата мөөлүт аземи белгиленди.



Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жыйындар залында Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө карата “Таухид, биримдик, келгиле бирге бололу” аттуу мөөлүт аземи белгиленди. Жыл сайын теология факультети тарабынан салтка айланып, уюштурулуп келе жаткан мөөлүт аземине университеттин жалпы жамааты, студенттер жана сырттан келген коноктор катышты.

Иш-чара Куран окуу менен башталып, андан соң Мухаммед пайгамбардын (САВ) улуу касиет-сыпаттарын баяндаган слайд көрсөтүлдү.

Теология факультетинин деканы, профессор Суат Жебежи “Жалгыз Аллах Таалага ишенүү жана адамдар ортосундагы ынтымак-ырашкерлик, достук жана биримдик”деген темада кыскача баяндама жасады. “Жалгыз кудайга ишенүү адамдарга бактылуулук тартуулайт. Ал эми инсанияттын ортосундагы биримдик аларды күчтүү кылып, чоң ийгиликтерге жетелейт. Исламда айтылгандай, эч ким өзүнө каалаган жакшылыкты башкасына да кааламайын ал чыныгы мусулман боло албайт. Андыктан биз ислам жолунда өзүбүздү эң асыл сапаттарга сугаруубуз керек. Ал үчүн пайгамбарыбыз Мухаммеддин (САВ) өмүр-жолун билүүгө муктажбыз”,-деди Суат Жебежи.

Мөөлүт аземинин алкагында Теология факультетинин студенттери тарабынан даярдалган “Хабешистанга көчүү” аттуу пьесасы көрсөтүлүп, “Пайгамбарга арнап ыр жазуу”, “Пайгамбарга кат жазуу” жана “Хадис жаттоо” конкурстарынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Мындан сырткары ислам-интеллектуалдык таймашы өткөрүлүп, ага залдагы көрүүчүлөр да активдүү катышты.

Иш-чара туурасында университетибиздин ректору, профессор Себахаттин Балжы буларды айтты: “Бүгүнкү кечеде жүрөгүбүз эс алып, ыймандарыбыз аз да болсо толукталгандай болду. Биз, адамдар, бир тууган экенибизди унутпай ар дайым бири бирибизге мээримдүү болуубуз керек. Ислам менен жашоо бул чоң бакыт. Бул бакыттын даамын татуу үчүн илим-билим алуубуз кажет”,-деди.

Ал эми университетибиздин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев: “Ислам дини менен илим бул бир бүтүн. Экөөнү ажыратып кароого болбойт. Анткени исламдын негизи-билим. Бул иш-чаранын биздин окуу жайда ушундай жогорку деңгээлде өтүп жатканы кубандырат”,-деди.

Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Радио-ТВ мүдүрлүгү,
ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү белгиленди

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться