Студенттерибиз манасчы, көркөм өнөр ээлери менен жолугушту » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Студенттерибиз манасчы, көркөм өнөр ээлери менен жолугушту

Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучулары жылына бир жолу «Манас бабалардан калган сөз, маданият жана искусство, сөз берметтери» аталышындагы сабактын негизинде даярдоо курсунда кыргыз тилин үйрөнүп жаткан студенттер үчүн белгилүү манасчылар жана өнөрпоздор менен жолугушуу уюштурулуп келет.



Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучулары жылына бир жолу «Манас бабалардан калган сөз, маданият жана искусство, сөз берметтери» аталышындагы сабактын негизинде даярдоо курсунда кыргыз тилин үйрөнүп жаткан студенттер үчүн белгилүү манасчылар жана өнөрпоздор менен жолугушуу уюштурулуп келет. Бул жолку жолугушуу 18-февраль күнү башкы имаратта өттү. Жолугушуу кечесинин кадырлуу коноктору кыргыз элине белгилүү жаш манасчылардын бири Замирбек Баялинов, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун мугалими, чоорчу Кутманалы Султанбеков жана аталган институттун студенти Үмүтай Абдышева, Кыргыз Улуттук консерваториянын студенти Бек Алагушев болушту.

«Баарын коюп Манасты айт» демекчи, алгачкы сөз манасчы Замирбек Баялиновго берилди. Ал кантип манасчылык өнөрдү аркалап калгандыгы тууралуу кыскача маалымат берип: ««Манас» эпосу - бул кыргыз элинин кенчи, улуу мурасы. Манасты баарыбыз билүүгө тийишпиз», - деп, эпостун байыркылыгына, улуулугуна токтолду. Ошондой эле «Манас» эпосунан кыскача үзүндү айтып берди. Андан кийинки коноктор да өз өнөрлөрү жана кыргыздын музыкалык аспаптарынын колдонулушу тууралуу айтып, студенттерди кызыктырган суроолорго да  жооп беришти.

Жолугушуу кечеси эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу

Студенттерибиз манасчы, көркөм өнөр ээлери менен жолугушту Студенттерибиз манасчы, көркөм өнөр ээлери менен жолугушту Студенттерибиз манасчы, көркөм өнөр ээлери менен жолугушту Студенттерибиз манасчы, көркөм өнөр ээлери менен жолугушту Студенттерибиз манасчы, көркөм өнөр ээлери менен жолугушту Студенттерибиз манасчы, көркөм өнөр ээлери менен жолугушту Студенттерибиз манасчы, көркөм өнөр ээлери менен жолугушту

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться