“Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттик кеңеши окуу жайдын жетекчилигине аткарылган иштери тууралуу отчет берди.



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттик кеңеши окуу жайдын жетекчилигине аткарылган иштери тууралуу отчет берди.

Кышкы эс алуу учурунда “Манас” университетинин студенттеринен куралган ыктыярчылар тобу тарабынан Кыргызстандын 7 дубанына университетибизди таанытуу иш-чарасы өткөрүлгөн. Эс алуу менен пайдалуу ишти айкалыштырган студенттер өздөрү жашаган аймактарга университети кандай таанытышканын фото жана видео аркылуу айтып беришти. Сурамжылоолордун негизинде окуучулардын дээрлик 90%ы Манас университетине тапшыргылары келгендиги маалым болду.

Студенттик кеңештин төрагасынын орун басары Атилла Гүвен өз окуу жайын таанытууга болгон күч-аракетин жумшаган ыктыярчыларга жана бул иш-чараны аткарууда чоң көмөк көрсөткөн университеттин проректору Али Бахадырга ыраазычылык билдирди. “Биз ыктыярчыларга окуу жайыбыз тууралуу 3500 даана маалымат баракчасын жана атайын университеттин атынан калем, дептерлерди бердик. Студенттер өз ишин ийгиликтүү аткарышып, окуу жайыбызды жер-жерлерге мыкты деңгээлде тааныта алышты”,-деди Атилла Гүвен.

Презентациянын соңунда университет ректору, профессор Себахаттин Балжы ыктыярчыларга эң алыскы аймактарга чейин  окуу жайыбыз тууралуу маалымат жеткиргендигине ыраазычылыгын билдирип: “5 миң окуучу сиздер аркылуу “Манас” университетинен кабардар болушту. Радио, ТВлардан кетип жаткан эч бир жарнамалар силер жасаган иштин ордун баса албайт”,-деди.

Иш-чара студенттер менен эстеликке сүрөткө түшүү жана сый тамак менен жыйынтыкталды.

 

бул маалыматтарга тектеш кабарды: http://mediamanas.kg/lang-ky/news/university/206-gnll-tantm-elilerimizin-almalar-balad.html

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу

“Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында “Манас” университети Кыргызстандын жети дубанында

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться