КТМУнын ректору “Жаңы күн” радиодолбооруна конок болду. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУнын ректору “Жаңы күн” радиодолбооруна конок болду.

Манас радиосунда февраль айынын башынан баштап чыга баштаган “Жаңы күн” радио долбоорунун бүгүнкү чыгарлышына Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору проф. Докт. Себахаттин Балжы конок катары катышты.



Манас радиосунда февраль айынын башынан баштап чыга баштаган “Жаңы күн” радио долбоорунун бүгүнкү чыгарлышына Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору проф. Докт. Себахаттин Балжы конок катары катышты.  Баш-аягы 30 мүнөт аралыкка созулган маекти Манас радиосунун талантту журналисттери Кундуз Авашова, Айнагүл Мукамбетова жана Жылдызбек Турсунбаевдер алып барышты.

Алгач маектин башында ректор Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Теология факультети ушул жылы алгачкы бүтүрүүчүлөрүн берип жатканы жана бүтүрүүчүлөрдүн перспективалары тууралуу кеп козгоду. Университеттин 15 жылдык мааракесин карата курулган Теология факультети университеттин 20 жылдык мааракесине карата тунгуч бүтүрүүчүлөрүн даярдап чыкканын, Кыргыз Республикасынын Президентинин дин саясаты ылайык иш алпара турган кардларды даярдап жаткандыгын да баса белгиледи.

Андан соң тема окуу жайдын ири пландарынын бири Технопарктын курулуусуна бурулду. Технопарк боюнча негизги стратегиялык пландар, аны куруудагы Кыргызстанга келе турган артыкчылыктар толугу менен долбоорго айландырылып Кыргыз Өкмөтүнө сунушталганын, өкмөттөн чечим күтүп жаткандыгын, чечим чыкса аталган Технопаркты куруу пландары ишке киргизиле тургандыгын Себахаттин агай айтып берди.

Муну менен бир катар Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары жакынкы 4 жыл аралыгына стратегиялык өнүгүү пландары менен да ой бөлүшүп кетти. Маектин соңунда ректор агай радио жамаатына, андагы жаңыланууну жактырышкан чыгармачыл топко жана дагы  конок катары урмат менен чакырылган “Жаңы күн” радиодолбооруна терең ыраазычылыгын билдирип кетти.

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу


Загрузка плеера...


КТМУнын ректору “Жаңы күн” радиодолбооруна конок болду. КТМУнын ректору “Жаңы күн” радиодолбооруна конок болду. КТМУнын ректору “Жаңы күн” радиодолбооруна конок болду. КТМУнын ректору “Жаңы күн” радиодолбооруна конок болду. КТМУнын ректору “Жаңы күн” радиодолбооруна конок болду. КТМУнын ректору “Жаңы күн” радиодолбооруна конок болду. КТМУнын ректору “Жаңы күн” радиодолбооруна конок болду.

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться