» » “Чоңдорго чапан жапканды токтотпойлубу!” Султан Жумагуловдун кайрылуусу

“Чоңдорго чапан жапканды токтотпойлубу!” Султан Жумагуловдун кайрылуусу



Бул окуя жаңы жыл алдында болгон. Маданият, маалымат жана туризм министри С. Жумагуловго маданият мекемелеринин биринин жетекчилери жаңы жылдык куттуктоо менен келип, үстүнө кийит жапкан. Буга нааразы болгон Жумагулов төмөнкүдөй кайрылуу жасаган: ”Урматтуу кесиптештер! Кесир болбосун, бирок, чоңдорго чапан жапкан адаттан арылалы. Мындай Бакай калпак менен кементайды карылык дооронун сүрүп жаткан карыяларга жабат. Экинчиден, бул кийитке акча кетти, а сиздер айлыгыбыз аз, көтөрүп бергиле деп өкмөттүн каалгаларын жыртып келе бересиздер го. Биз, маданият адамдары, башкаларга үлгү болушубуз керек да. Мага кийит менен эмес, системаны оңдоо тууралу алгылыктуу идеялар менен келүүңүздөрдү суранам”.

P.S. Айтмакчы, министр Жумагуловго бул кызматта отурган эки ай арасында белекке тартууланган мындай арзан чапан-калпактар чаң басып, текчелерде жыйылып турат...

 

Маалымат булагы: Жийде Зоотбекова, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызмат жетекчиси.


1029
Главные редакторы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться