» » Кундуз Авашова "Эл алдында эркин сүйлөө" курсуна чакырат

Кундуз Авашова "Эл алдында эркин сүйлөө" курсуна чакырат



Продюсер Кундуз Авашова "Эл алдында эркин сүйлөө" курсун ачып эмки жумада баштамакчы.

Кундуз Авашова он жылдан ашык "Манас" радиосунда мурас, маданият, тарых, улуттук баалуулуктар, музыкага арналган программаларды обого алып чыккан. Ошону менен кошо продюсер катары концерттердин уюштуруучусу, март инсан катары улгайган адамдар, жетим балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн кайрымдуулук иш-чаралардын демилгечиси да болгон.

Кечээ эле Чубак Сатаев атындагы коомдук фонддун иш аракети катары Кундуз айым балдар санат борборунунда сүрөт тартуу, бий, ыр, комуз чертүү, кыргыз, орус, англис тилдери, - түрдүү ийримдерин бет ачарын ыр-күү менен көнүлдүү өткөрдү.

Эми замандын илеби менен Кундуз Авашова инсандык өнүгүү багытында өз алдынча долбоор баштоодо. "Балким сиз келечектеги лидерсиз, жетекчисиз, менеджерсиз, алып баруучусуз, тамадасыз... Эң негизгиси эл менен иштеп, элдин назарында болууну максат кыласыз. Демек, ишенимдүү жана көркөм сүйлөөнү үйрөнүңүз! Ким болбоңуз, кайсы кесиптин ээси болбоңуз сөздүн кудурети сизди чоң ийгиликке жеткирет!" - деп кеңири тажрыйбасынын негизинде сөз багуу, чечен өнөрүн өздөштүрүүгө Кундуз Авашова көмөк көрсөтө алат. 

 

Кундуз Авашова "Эл алдында эркин сүйлөө" курсуна чакырат Кундуз Авашова "Эл алдында эркин сүйлөө" курсуна чакырат Кундуз Авашова "Эл алдында эркин сүйлөө" курсуна чакырат Кундуз Авашова "Эл алдында эркин сүйлөө" курсуна чакырат Кундуз Авашова "Эл алдында эркин сүйлөө" курсуна чакырат

1029
Главные редакторы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться